Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Тарых илимин өнүктүрүү комиссиясы түзүлдү


Кыргызстанда тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия түзүлдү. Ошондой эле Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурасын изилдеп, жайылтуу долбоорлорун каржылоо үчүн атайын фонд түзүлдү. Аны "Мурас" деп аташты. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. Фонддогу акчанын максатка ылайык пайдаланышын көзөмөл кылуу үчүн Байкоочу кеңеш түзүлдү. Аны Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Абдыганы Эркебаев жетектемей болду. Комиссиянын өзүн президенттик аппараттын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев башкарат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG