Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

26-апрелге карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
25-26-апрелде жаан-чачынга жана абанын жогорку температурада болушуна байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

25-30-апрелде Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
26-апрелде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,
Баткенде түнкүсүн 9...14 күндүз 19..24 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11 градус, күндүз 19...24
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 20..25,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 1..6, күндүз 15...20,
Тоолордо түнкүсүн 0...-5, ал эми күндүз 4..9 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 25...27 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG