Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Ош бийлик өкүлү: кармалгандын улутун айтпайбыз


Ош шаарында диний кастыкты жана экстремисттик маанайды козутту деп шектелген 52 жаштагы жаран кечээ кармалганын Ош ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдирди. Бирок ал кармалгандын улутун айтуудан баш тартты.

Укук коргоочулар Ошто карапайым мусулман өзбектер хизбут-тахрирчилер деп ак жеринен соттолуп жаткандыгын айтышууда. Ички иштер министрлигинин өкүлү мындай кинелерди четке кагып, алар тууралуу укук коргоочуларды так маалымат берүүгө чакырды:

- Кылмыштуулук улут тандабайт. Ошондуктан мен кармалган адамдын улуту тууралуу айтпай эле койсом деп чечтим. Башынан бери Ош шаарынын аймагында ушундай бир же эки гана факты болду. Коом үчүн коркунучтуу адамдарды коомдон оолак кармоо керек. Өзбектерди кайсы жерден, качан кармаптыр, укук коргоочулар бизге ушул жагынан жардам берсе жакшы болмок.

Сыдыковдун айтымында, шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда диний-экстремисттик маанайдагы 11 аудиодиск, граната табылган. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. (SE/RK/JCH)

XS
SM
MD
LG