Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Атамбаев НАТО саммитине чакырылды


НАТО саммитинде Ооганстанга жүк ташуучу Бишкектеги транзиттик борбор маселеси да талкууланышы мүмкүндүгү айтылууда.
НАТО саммитинде Ооганстанга жүк ташуучу Бишкектеги транзиттик борбор маселеси да талкууланышы мүмкүндүгү айтылууда.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев НАТОнун Чикаго саммитине катышууга чакыруу алды. Бирок президенттин АКШга барар-барбасы аныктала элек.

Ошол эле мезгилде коомдук-саясий чөйрөдө саммит Кыргызстандын тышкы саясий багытына таасир этиши мүмкүн деген пикирлер айтыла баштады.

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогуловдун билдиргенине караганда, Кыргызстан мамлекет башчысына чакыруу НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин атынан келген.

Жергиликтүү коомдук-саясий чөйрөдө Алмазбек Атамбаевдин саммитке чакырылып жатышын Кыргызстандын баркын көтөрөр жагымдуу көрүнүш катары баалагандар да болууда. Маселен, коомдук-саясий ишмер Эдил Байсалов мындай дейт:

- Менин оюмча, биздин "улуу агабыз" эмне дейт деп Акаевдин бийлиги алсыз болуп, өзүнүн элинин колдоосун жоготкондон кийин, Москвадан чочуп, НАТО, АКШ да качып калган. Анан (Кыргызстан - ред.) барбай калган. Бакиевдин тышкы саясаты деле натыйжалуу эмес болчу.

Байсалов НАТОнун саммитине Кыргызстандын катышуусунан кооптуу жагдай издөөгө эч кандай негиз жок деп эсептейт. НАТО менен Кыргызстан "Тынчтык үчүн тилектештик" долбоорунун алкагында кыйла жылдан бери кызматташ.

Ошентсе да Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов өлкө тышкы чоң саясатта өзүнүн турумун аныктоо зарылдыгын белгиледи:

- Чакырылган болсо ЖККУ, ШКУ сыяктуу өзү мүчө болгон уюмдар менен сүйлөшүп, тактап, бир позиция менен барганы оң болот.

Анткен менен ЖККУда жана ШКУда башкы мүчө - мамлекет саналган Орусия менен Кыргызстандын мамилеси салкындап турат. Орусиялык маалымат каражаттарынын жазгандарына караганда, расмий Москва расмий Бишкекти тышкы саясаты ыраатсыз болууда деп алака-катышка тайм-аут жарыялады.

Анын үстүнө НАТО алкагында өтөрү болжолдонгон АКШ-Орусия кеңешмесине Москва катышпай тургандыгы кабарланды. Саммитке Орусия кандай деңгээлде катышаары да беймаалым.

Ушундай жагдайда Атамбаевдин НАТО саммитине катышуусу расмий Москваны туталантышы мүмкүн. Мындай пикирин саясий иликтөөлөр борборунун эксперти Алексей Мухин билдирди:

- Кыргызстан ак ниет мамилеси үчүн төлөшү керек деген өтө эле ачык көшөкөрлөнүүсү орус жетекчилигине анча жаккан жери жок. Ошол эле мезгилде Москва Кыргызстан менен Орусия ортосунда боштук боло калары менен аны АКШ толтуруп коёрун жакшы түшүнөт. Ошондуктан Орусия чегингиси да келбейт. АКШ Борбор Азия аймагында өтө эле активдүү болууда. Бул Орусияга абдан эле жагымсыз.

Ошондой болсо да Москва өзүнүн Кыргызстан үчүн эң маанилүү өнөктөш экенине терең ишенет. Ал эми Атамбаев Чикаго саммитине барса, аны формалдуу гана кадам катары бааласа болот дейт талдоочу:

- Кыргызстандын жаңы президенти бийликке орусиячыл чакырыктар менен келген. Анан дароо эле ушунчалык тездик менен маневр жасап жиберди. Ошого караганда азыр ал бет алган тышкы векторун аныктоо мүмкүн эмес. Менимче, аныкталбаган жагдай, же статус-кво азырынча сакталып кала берет.

Жергиликтүү эксперттердин баамында, өз кезегинде Кыргызстандын теңата болгусу келгени, башка өлкөлөр менен карым-катышты күчөтүп, изденип жатканы Орусияга жага берген жок. Эң башкысы АКШнын транзиттик борборун чыгарам деген демилгеге ишенбей турат.

- Американын, Кытайдын базалары, албетте бул тарапта турушу алардын итиркейин келтирип атат. Баарын бул жерде өздөрү башкаргысы келет. Ошондуктан тышкы саясатта эң негизги кызыкчылык – улуттук кызыкчылык, - дейт Мирослав Ниязов.

Эдил Байсалов өз кезегинде НАТО саммитине Кыргызстан президентинин барышы дал ошол улуттук кызыкчылыкка төп келет деген пикирде:

- Ал жерге бирөө биздин колубузду толгоп барган жери жок. Ал жерге барып, Ооганстанда болуп жаткан маселени, биздин улуттук кызыкчылыгыбызды да айтып, Ооганстандын келечегин чечүүгө да өз салымыбызды айтууга мүмкүнчүлүк катары кабыл алышыбыз керек.

НАТОнун Чикаго саммити Ооган проблемасын талкуулай тургандыгы айтылып келатат. Ага жараша Ооганстанга жүк ташуучу Бишкектеги транзиттик борбор маселеси да сөзгө алынаарын болжогондор бар.

Атамбаев болсо транзиттик борбор 2014-жылдан кийин жарандык борборго айландырылаарын байма-бай айтып келатат. Муну Орусиянын кыйыр басымы катары санагандар да аз эмес.

Ошол эле мезгилде Ооганстанда кырдаал жакынкы жылдары турукташарына ишенгендер көп деп айтууга да болбойт. Бул өңүттөн алганда транзиттик борбор Кыргызстандын тышкы саясатына олуттуу таасир этүүчү тарап катары дагы кыйлага калат деген көз караш күч.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG