Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Ош, Бишкек жана Караколдо кыздарды эмгекке үйрөтүшөт


Бүгүн Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында “Кыргызстан кыздарынын күнү” деп аталган социалдык долбоордун алкагында иш-чаралар өтөт. Аталган шаарларда 14 жаштан 21 жашка чейинки кыздар өнөр жай ишканаларга барып, ал жакта адистиктер, жасалган жумуштар менен таанышып, бир күндүк практикадан өтө алышат.

Долбоорду Эл аралык кызматташуу боюнча немис коому каржылап жатат. Иш-чаранын максаты кыз-келиндер арасында жумушсуздукту азайтуу болуп саналат. (EBM)

XS
SM
MD
LG