Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Норвегиялыктар Брейвик жек көргөн ырды ырдашат


Норвегияда миңдеген адам бүгүн борбор шаар Ослонун көчөлөрүнө чыгып, оңчул экстремист Андерс Брейвикке каршылыгын билдиргени жатат. Алар тынчтык жана биримдикке чакырган ырды ырдашат. Ал ырды Брейвик “марксисттик үгүт” деп атаган. Акция сот өтүп жаткан имаратка жакын жерде өтөт.

Кечээки сотто Брейвик аны оорулуу деп тапкан психиатрикалык экспертизанын жыйынтыгын четке какты. Ага чейин Брейвик 77 кишини өлтүргөнүн моюнга алып, бирөк өзүн күнөөлүү деп эсептебесин айткан.

XS
SM
MD
LG