Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Дүйнөлүк банк: Азык-түлүк баалары өсүүдө


Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, азык-түлүктүн баалары өсүүдө. Анын себеби - кара майдын кымбатташы, начар аба ырайы жана Азияда азык-түлүктүн тартыштыгы. Былтыркы декабардан март айына чейин эле баалар 8 процентке көтөрүлгөн. Ошентсе да өткөн жылга салыштырганда, бул көрсөткүч 1 процентке жана тарыхый рекорд, башкача айтканда былтыркы февралга караганда 6 процентке төмөн болуп чыкты. Дүйнөлүк банк буудай, май, суу майдын баасы өскөнүн, күрүч болсо арзандаганын маалымдады. 2008-2009-жылдары өнүгүп келаткан өлкөлөрдө азыктардын жана күйүүчү майдын баалары кымбаттап, кризис социалдык көтөрүлүштөргө алып келген.

XS
SM
MD
LG