Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Обаманы сындаган жоокер армиядан кетирилди


АКШнын Деңиз аскерлеринин корпусу Фэйсбукта президент Барак Обаманы сындаган сержантты армиядан кетирди. Гари Стайн куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп жаткан аскрелердин сөз эркиндигин чектеген Пентагондун саясатын бузгандыгы үчүн жазаланды. Ал деңиз күчтөрүндө 10 жылдай кызмат өтөгөн. Эми сержант бардык жеңилдиктеринен куру калмакчы. Ал Фэйсбукта Обаманы душман деп атаган. Сот анын мындай сөздөрүн "өтө кооптуу" деп сыпаттады. Стайн болсо сөз эркиндиги укугунан пайдаланганын ырастоодо. АКШнын куралдуу күчтөрүндө 1860-жылдардагы жарандык согуштан бери киргизилген эреже боюнча жоокердин сөздөрү тартипти бузууга алып келиши мүмкүн болсо, анын сөз эркиндиги чектелет.

XS
SM
MD
LG