Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Бабанов жөнүндө стенограмма депутаттарга таратылды


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун Казакстан президентинин Кыргызстан боюнча атайын өкүлү Булат Утемуратовдун сүйлөшүүсү делген стенограмма Жогорку Кеңештин депутаттарына таратылды. Бул тууралуу бүгүн депутат Эсенгул Исаков билдирди.

"Кечээ кечинде жалпы бөлүм аркылуу деп кол койдуруп жардамчыларга материал таштап кетиптир. Окусам, бир сайттан алынган материал экен. Мунун чындыгын текшертип, Жогорку Кеңешке билдирсеңер же бирөө жасап жатабы муну?", - деди депутат.

Кечээ айрым интернет-булактары орусиялык блогерлерге шилтеме жасап Бабанов менен Утемуратовдун сүйлөшкөн сөзүнүн стенограммасы делген бир материалды жарыялашкан. Анда Акмат Бакиев, кыргыз-орус мамилелери жана MegaCom компаниясына байланыштуу сөздөр жазылган. Экөө быйыл март айында жолукканы айтылган.

Бүгүн Өмурбек Бабанов парламентке барып өкмөттүн иши жөнүндө отчет берет.

Айрым депутаттар кечээ таратылган материалды Бабановго карата компромат, кара PR деп атап, аны ким таратканын аныктоону талап кылышууда.

Төрага Асылбек Жээнбеков Бабановго байланыштуу кагаздарды аппараттын жалпы бөлүмү эмес, "Ар-Намыс" фракциясынын секретариаты таратканын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG