Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Норвегияда экстремист жек көргөн ырды ырдашты


Бүгүн Осло шаарында он миңдеген киши шаардын көчөлөрүнө чыгып, ашкере оңчул экстремист Андерс Бериң Брейвик жек көргөн тынчтык жана биримдик тууралуу ырды ырдашты.

Былтыр жайында 77 киши өлтүргөн деп айыпталып, азыр соттолуп жаткан Брейвик "Күн желесинин балдары" деп аталган бул ырды марксисттик пропаганда деп атаган.

Брейвик соттолуп жаткан жерге жакын көчөлөрдө 40 миңдей киши чогулуп, кезегинде америкалык элдик ырларды аткаруучу Пит Сигер чыгарган ушул ырды ырдашты.

Көчө хоруна Норвегиядан тышкары Швециянын, Финляндиянын, Даниянын жана Исландиянын маданият министрлери да кошулмак.

Брейвик өзүн күнөөлүү деп санабай тургандыгын айткан. Ал мындай кол салуулар Норвегияны мигранттардан арылтып, көп маданияттуулук саясатын токтотуу үчүн керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG