Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Евробиримдик Тимошенкого тынчсыздануусун билдирди


Биримдиктин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштон Украинанын абактагы экс-премьери Юлия Тимошенконун абалына "өтө" камтама болуп жаткандыгын билдирди. Мунун алдында Тимошенкого байланыштуу Германиянын президенти Украинага келүүдөн баш тарткан.

Йоахим Гауктун маалымат катчысына ылайык, ал келерки айда Кара деңиздин боюндагы Борбор европалык мамлекет башчыларынын Ялта жыйынына барбай турган болду.

Коррупциялык айыптоо менен жети жылга кесилген Тимошенко түрмөчүлөр аны ургандыгын айтып, жума күнү ачкачылык жарыялаган. Украин президенти Виктор Янукович башкы прокурорго анын ырастоосун текшерүүнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG