Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Лейлекте суу каптаган үйлөрдүн саны 400дөн ашты


Баткендин Лейлек районундагы Кулунду айылдык аймагында сел каптаган үйлөрдүн саны, азыркы саатка алдын ала алынган маалымат боюнча, 411 болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, саат 11де Баткендеги жана Оштогу жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Комиссиянын ишин өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жетектөөдө.

Кулундуда суу каптаган үйлөрдүн 28и кыйрап калганы, 37сине капиталдык ремонт керек экени айтылууда.

Бир нече күн тынбай нөшөрлөп жааган жамгыр азыр басылып калды. Үй-жайынан айрылгандарга жардам көрсөтүлүп жатат. Отуздай чатыр тигилди. Адамдар арасында жабыркагандар жок. (RK)

XS
SM
MD
LG