Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Саакашвили: Кызматтан кетүүгө даярмын


Грузия президенти Михаил Саакашвили Орусия сепаратисттик жумурияттардан аскерлерин чыгарса, кызматтан кетүүгө даяр болгонун билдирди. Саакашвилинин айтымында, орус бийлиги Абхазия жана Түштүк Осетиянын оккупациясын мыйзамдаштыруу үчүн Тбилиси өкмөтүн алмаштырууга аракеттенүүдө.

Грузиядан эгемендигин жарыялаган жумурияттардын айынан 2008-жылы Москва менен Тбилиси ортосунда кыска мөөнөттүү согуш тутанган. Бирок алардын көз карандысыздыгын Орусия жана бир ууч өлкөлөр гана тааныган. Эки регион тең Москванын экономикалык жана аскердик жардамына муктаж.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG