Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Либериянын экс-президенти айыптуу деп табылды


Либериянын мурдагы президенти Чарлз Тэйлор кошуна Сьерра-Леонедеги согуш кылмыштары үчүн жооптуу деп табылды. БУУнун согуш кылмыштары боюнча эл аралык трибуналынын тарыхында алгачкы жолу африкалык мамлекет башчы айыпталууда.

Тэйлорго адам өлтүрүү, зордуктоо, жашы жетелек балдарды армияга тартуу, сексуалдык кулчулук беренелери боюнча айып тагылган. Гаага сотунун ырастоосунда, Либериянын президенти Сьерра-Леонедеги жарандык урушта козголоңчуларга жардам бергени далилденди. Бирок сот ал эрегешчилердин иш-аракетин түздөн түз жетектеген деген айыпты алып салды.

1989-2003-жылдардагы жаңжалда 50 миңден көп киши набыт болгон. Өкүм 30-майда чыгарылат. Тэйлор бардык айыптоолорду четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG