Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

"Алибинин" бүгүнкү санын дүңүнөн сатып алып кетишти


"Алиби" саясый-укуктук гезитинин бүгүнкү санын белгисиз бирөөлөр ушул түнү гезит базарга түшөөр замат дүңүнөн сатып алып кетишти. Бул тууралуу "Азаттыкка" гезиттин башкы редакторунун орун басары Тынчтык Алтымышев билдирди. Алар кимдер экени азырынча белгисиз.

Алтымышевдин айтымында, бүгүнү санда бийликтегилерди тейлеген атайын гараж менен бала бакчанын жетекчилерине байланыштуу эки сын макала жана 21-апрелде Караколдо өтпөй калган митингдин катышуучулары менен маек чыккан. Редакция бүгүнкү окуяны ошолор элге тарап кетпеши үчүн көрүлгөн аракет деп шекшип жатат. Ошондуктан дал ушул материалдар кийинки санга кайра басылып чыкмай болууда.

"Алиби" гезитинин нускасы 4,5 миң. Анын бир миңи жазылгандарга таратылат, калган 3,5 миңи сатыкка чыгат. Бир гезиттин баасы 12 сом. Гезит 2007-жылдан бери чыгып келатат.

"2008-2009-жылдары оппозициялык маанайдагы макалалар чыкканда ошол кездеги бийлик өкүлдөрү бир канча жолу гезитти күч менен тартып алып, андагы материалдардын коомчулукка чыгышына бут тосушкан, бирок 2010-жылдын 7-апрелинен бери мындай биринчи жолу болуп жатат", - дейт Алтымышев. (RK)

XS
SM
MD
LG