Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

28-апрелге карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
27-30-апрелде жаан-чачынга жана абанын жогорку температурада болушуна байланыштуу Бишкек - Ош тоолуу автожолунда (121-137-чакырымдарында, 198-265-чакырымдарында) кар көчкү коркунучу сакталат. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

26-30-апрелде Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
27-апрелде Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,
Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Баткенде түнкүсүн 6...11 күндүз 14..19 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 14...19,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11 градус, күндүз 15...20
Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 14..19,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 1..6, күндүз 11...16,
Тоолордо түнкүсүн -2...-7, ал эми күндүз -1..+4 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 12 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 18...20 градус болот.

XS
SM
MD
LG