Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Баткен: Өзбек айылындагы тирешүүнүн Кыргызстанга залакасы тийген жок


Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан өзбек айылындагы тирешүүнүн Кыргызстанга залакасы тийген жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Закир Темиров билдирди. Анын айтымында, азыр чек арада абал кооптуу эмес, абал жөнгөрүлгөн.

Үч күн мурда Өзбекстандын Сох анклавындагы Ленбург айылында өзбек чек арачылары менен ошол айылдын тургундары ортосунда чыр чыкты. Ага себеп чек арачылардын ур-токмогунан жергиликтүү 32 жаштагы тургундун каза тапканы болгону айтылууда. Эл жыйналып келген учурда өзбек чек арачылары Кыргызстан тарапка качууга аракет кылышкан. Кыргыз тарап кошуналардын чек арачыларын киргизбей койгон.

Окуя чек арага жакын жерде болгондуктан Баткен облустук акимчилигинин, күч кызматтардын, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү абалды көзөмөлдөп турушкан. Азыр абал тынч. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG