Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Улут аралык мамилелерди чагылдырууда "Азаттык" мыкты аталды


"Азаттыктын" кабарчылары Кыргызстандагы улут аралык мамилелер темасын чагылдырган мыкты журналисттердин катарына кирди. Бүгүн атайын сынактын жыйынтыгы чыгарылып, сыйлык ээлерине дипломдор жана акчалай премиялар, атайын белектер тапшырылды.

"Азаттыктын" Ош облусу боюнча кабарчысы Эрнист Нурматов үчүнчү орунду ээледи, Оштогу дагы бир кабарчысы Санжар Эралиев Медиа Полиси институтунун атайын белегине татыды.

Сынакты Медиа Полиси институту жана Массалык маалымат каражаттар боюнча коомдук палата уюштурган. 78 катышуучунун алтоо гана жеңүүчү аталды.

"Азаттык" үналгысынын жалпы жамааты сыйлыкка татыган кесиптештерин куттуктайт жана мындан ары да ийгиликтер болушун каалайт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG