Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

Казакстанда "Нааразылык күнү" өтөөрү кабарланууда


Казакстандын Эл аралык Адам укуктары жана Мыйзамдуулук бюросу жана Голландиянын Хелсинки комитети биргелешип жарыялаган билдирүүгө ылайык, тынчтык жүрүштөрү эртең Алматыда жана башка 18 шаарда пландалууда. Бул - жыл башынан бери өтүп келаткан оппозиция менен жарандык коомдун биргелешкен чыгууларынын төртүнчү айлампасы болмокчу.

Жыл башынан берки чыгуулар январдагы парламенттик шайлоолордон кийин башталып, анын катышуучулары шайлоонун жыйынтыгын кайра териштирүүнү, саясий реформа жүргүзүүнү жана Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуяларды ачык иликтөөнү талап кылышууда. Кечээ Атырау шаарында Жаңы-Өзөндө декабрда 16 карапайым тургундун өлүмү боюнча айыпталган беш тартип коргоочунун үстүнөн сот иши башталды.

XS
SM
MD
LG