Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Сирияда жанкечтинин кол салуусунан 9 киши өлдү


Баш калаа Дамасктагы кол салууну бийликтер "террорчулардын колунан келди" деп ырастап, ал-Мидан ооданындагы чабуулда 30 киши жараат алганын бышыктады.

Мындан тышкары активисттер эртең менен Дамасктын өнөр жай тилкесиндеги мамлекеттик ишкананын жанында жардыруу болгонун билдиришти, анда жапа тарткандар тууралуу кабарланган жок.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бүгүн Сирия өкмөтүн эл аралык коомчулуктун арачылыгы менен түзүлгөн тынчтык планын аткарбай жаткандыгын сынга алган. Кошмо Штаттары президент Башар ал-Асаддын режимине эл аралык кысымды күч алдыруу керектигин айтууда.

XS
SM
MD
LG