Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Өспүрүмдөр кылмышы азая баштады


Быйыл жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук кыскарганын Бишкек шаардык ИИБнын жашы жете электер менен иш алып баруу инспекциясынын кызматкери Чоробек Муса уулу билдирди. Анын айтымында, өткөн жылдын алгачкы төрт айында борбор калаада өспүрүмдөр тарабынан жасалган 71 кылмыш иши катталса, быйылкы төрт ай ичинде катталган мындай кылмыштардын саны 50 болду. Кылмышка тиешеси бар өспүрүмдөрдүн жашы дээрлик 14-16 жаш болуп жатканын билдирген инспектор, жасаган кылмыш үчүн тартылуучу жоопкерчиликти 14 жаштан тартып киргизүүнү сунуштап жатышканын айтып кетти.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодекси боюнча кылмыш жана административдик жазага тартуу 16 жаштан тартып жүргүзүлөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG