Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

ИИМ: ЖОЖдун проректору пара алып жаткан жеринен кармалды


ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин проректору окууга кайра орноштуруу үчүн студенттен 10 миң сом пара талап кылган. Маалыматка ылайык, проректор өзүнүн иш бөлмөсүндө студенттен 10 миң сом алып жаткан жеринен ИИМдин экономикалык кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башкы тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлө баштады. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG