Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


30-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Бишкек-Ош жолунун 121-137, 198-265-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат. Бул аймактардагы жолдордо жүргөн учурда айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоосу зарыл.

Ошондой эле 30-апрелге чейин Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.
29-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар түшөт, айрым жерлерде нөшөрлөгөн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй, Талас, Баткен облустарында түнкүсүн 6..12 градус, күндүз 16..22 градус болот. Ош, Жалал-Абад облустарында түндө 8..13, күндүзү 18..23 градус ысыйт. Ысык-Көл, Нарында түнкүсүн 3..8, күндүзү 14...21 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11 градус жылуу, күндүз 18…20 градус жылыйт.

XS
SM
MD
LG