Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Алай жана Чоң-Алай райондорунда жер көчтү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдүү нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Рамис Сатыбеков билдирди. Анын айтымында, Алай районунун Бүлөлү айыл аймагындагы Чоң-Бүлөлү айылынын Кызыл-Кыштоо чегинде 27-апрелде саат 12лер чамасында тоо бетинде жер көчкү активдешип, жарака пайда болгон. Жер көчкүнүн алдындагы үч үйдүн тургундары коопсуз жерге көчүрүлгөн. Ал эми Чоң-Алайдагы Кулчу айылында кечээ саат тогуздар чамасында жер көчкү жүрүп, бактыга жараша үйлөргө жеткен эмес. Ал жердеги 5 үйдүн тургундары да коопсуз жактарга көчүрүлгөн. Р. Сатыбековдун маалыматы боюнча, жер көчкү быйылкы жаан-чачын арбын болуп жатышынын натыйжасы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG