Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Укук коргоочу Чэн Гуанчэн Бээжиндеги АКШнын элчилигинде жашынууда


Өткөн жекшембиде Шандун провинциясында үй камактан качып чыккан көзү азиз укук коргоочу Чэн Гуанчэн учурда Бээжиндеги АКШнын элчилигинде баш калкалап турат. Бул тууралуу укук коргоочулар билдирет.

АКШнын Мамдепартаменти менен Бээжиндеги АКШ элчилиги азырынча эч кандай маалымат бере элек. «Кытайдагы адам укуктары» уюму полиция Чендин агасы менен жээнин камакка алгандыгын кабарлады.

Буга чейин интернетте пайда болгон билдирүүдө укук коргоочу Кытай өкмөтүнүн жетекчиси Вэн Цзябаого кайрылып, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө ыдык көрсөткөндөрдү жоопко тартып, туугандарынын коопсуздугун камсыз кылууну суранган.

Чэн Гуанчэн Кытайдын Шандун провинциясында балдардын төрөлүшүн чектөө максатында миңдеген аялдарды күч менен аборт жасатып, медициналык жол менен төрөттөн ажыраткан саясатты кескин сындаганы үчүн таанылган.

XS
SM
MD
LG