Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Түндүк Корея кайрадан ядролук сыноого камынып жатканы айтылууда


Космостон алынган жаңы сүрөттөр Түндүк Кореянын аскердик майданында ядролук түзүлүштү сыноого даярдык жүрүп жатканын көрсөтөт. Бирок сүрөттөр боюнча сыноо качан ишке ашаарын аныктоо мүмкүн эмес.

Ушул айдын башында Түштүк Кореянын тыңчылык кызматы Түндүк Кореянын ядролук майданында жер алдында жаңы жол казылып жатканын, бул үчүнчү ядролук сыноого даярдык болушу мүмкүн деп маалымдаган.

8-марттан 18-апрелге чейин космостон тартылган сүрөттөрдү Associated Press агенттигине Түштүк Корея менен АКШнын окумуштуулары берген.

XS
SM
MD
LG