Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Иран МАГАТЭ менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштайт


Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин өкүлү Жилл Тюдор сүйлөшүүлөр 13-14-майда Венада өтөөрүн билдирди. Ирандын бул уюмдагы өкүлү Али Асгар Солтание Тегеран муну менен Ирандын ядролук программасы тынчтык мүнөздү гана көздөй тургандыгын далилдейт деп айтты.

Иран өзүнүн ядролук проблемасы боюнча сүйлөшүүлөрдү 6 өлкө менен жандандырууда, кезектеги жолугушуу 23-майда Багдад шаарында өтөт. Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи АКШ, Орусия, Кытай, Германия, Франция жана Британия менен сүйлөшүүлөр башталат деген ишенимин билдирди.

Тегеран ядролук курал жасоого аракеттенип жатат деген шек менен Батыш Иранга экономикалык жазаналарды киргизген.

XS
SM
MD
LG