Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Абрамович менен Усманов Британиядагы эң байлар деп аталды


Sunday Times басылмасы орусиялык ишкерлер Алишер Усманов менен Роман Абрамовичти Британиядагы эң бай 3 адамдын экөө деп атады.

8 жылдан бери биринчи орунду индиялык болот ширетүүчү магнат Лакшми Миттал 12 миллиард 700 миллион фунт стерлинг байлыгы менен ээлеп турат.

Экинчи орунда - металлургиялык бир нече ишкананын ээси, "Арсенал" футбол клубунун акционери Алишер Усманов, анын байлагы 12 миллиард 300 миллион фунт стерлинг.

3-орунда болсо нефть магнат, "Челси" футбол клубунун ээси Роман Абарамович, анын байлыгы 9 жарым миллиард фунт стерлинг деп бааланган.

XS
SM
MD
LG