Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Мьянмада иш сапарда


Үч күндүк сапарда Баш катчы оппозициялык лидер, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чи менен кезигет. Көп жыл үй камакта отурган Сан Су Чи жакында өткөн парламенттик шайлоодо жеңип чыккан.

Пан Ги Мун Мьянмадагы демократиялык өзгөрүүлөрдү азырынча «морт» деп баалап, анын бул сапары реформаларды илгерилетүүгө өбөлгө болот деген ишнимин билдирди.
Мьянмага Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча өкүлү Кэтрин Эштон дагы барат. Жакында Брюссел бул өлкөгө каршы мурда кабыл алынган санкциялардын бир катарын токтотоорун билдирген.

XS
SM
MD
LG