Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Саркози улутчулдардын добушун алууга аракеттенүүдө


Франциянын президенттик кызматына экинчи турда ат салышчу Николя Саркози менен Франсуа Олланд шайлоочулар менен жекшемби күнкү жолугушуусун өткөрүштү. Азыркы президент Саркози Тулуздагы тарапкерлери менен кездешүү учурунда улуттук баалуулуктар жана глобалдашуунун коркунучтуу жактарын айтты.

“Күчтүү Франция” ураанын чакыруу менен Саркози шайлоонун биринчи айлампасында үчүнчү орунду камсыздаган “Улуттук майдан” партиясынын талапкери Марин Ле Пендин шайлоочуларын өзүнө ынандырууга аракет кылууда дешет талдоочулар. Ашкере улутчулдукту жактаган Ле Пендин шайлоодо 18 пайыз добуш алып үчүнчү болуп келиши Евробиримдикти тынчсыздантып, Германия канцлери Ангела Меркел муну «кооптондуруучу» жыйынтык деп айткан эле. 29 пайыз добуш алган социалист Франсуа Олланд менен андан бир жарым пайыздай аз добуш алган Саркози 6-майда экинчи айлампада күрөшүшөт.

XS
SM
MD
LG