Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

1-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
30-апрелден 6-майга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

30-апрелден 4-майга чейин жаан-чачынга жана абанын жогорку температурада болушуна байланыштуу Бишкек - Ош тоолуу автожолунда (121-137-чакырымдарында, 198-265-чакырымдарында) кар көчкү коркунучу сакталат. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
1-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар түшөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22,
Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Баткенде түнкүсүн 5...10 күндүз 15..20 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7 градус, күндүз 16...21
Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 14..19,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3..+2, күндүз 8...13,
Тоолордо түнкүсүн -6...-11, ал эми күндүз 0..5 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 12 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 22...24 градус болот.

XS
SM
MD
LG