Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Пакистан АКШны пилотсуз учактын чабуулу үчүн кайрадан айыптады


Жекшембиде Пакистандын түндүк-батышында бир пилотсуз учактын чабуулунан “козголоңчу болушу мүмкүн” делген үч адам тындым кылынган эле. Мунун артынан Исламабад АКШнын бул өңдүү чабуулдарын айыптаган жаңы билдирүү таратты. Эки апта мурун жергиликтүү парламент расмий Вашингтондон пилотсуз учактарынын чабуулдарын токтотушун талап кылгандан бери мындай окуялар каттала элек болчу.

Пакистандын тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө “бул чабуулдар эл аралык мыйзамдарды жана эки мамлекет ортосунда келишилген нормаларды орой бузат” деп айтылат.

Пилотсуз учактардын чабуулдарын америкалык айрым расмий өкүлдөр экстремисттерге каршы күрөштө баалуу курал деп атап жүрүшөт, бирок ал соңку жылдары Исламабад менен Вашингтондун алакасынын бузулушуна себеп болуп келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG