Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Түркмөнстандын Мары шаары КМШнын маданий борбору деп аталды


Бүгүн бул шаарда ушул окуяга байланыштуу майрамдык иш-чаралар өттү. Жумурияттын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов тургундарды куттуктап, жергиликтүү бийликтерге Мары шаары Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин 2012-жылдагы маданий борборуна айлангандыгын күбөлөндүргөн сертификат тапшырды. Орусиядан КМШ уюмунун аткаруучу катчысы Сергей Лебедев жетектеген делегация да майрамдык салтанатка катышты. Түркмөнстандагы бул тарыхый шаар жана Казакстандын баш калаасы Астана КМШнын алгачкы маданий борборлору катары декабрда тандалып алынган. Марынын аймагы тарыхый Жибек Жолунун калыптанышында маанилүү роль ойногону белгиленүүдө. Ал аймакты Бириккен улуттар уюмунун маданият боюнча фондусу - UNESCO - Дүйнөнүн мурастар катарына киргизген.

XS
SM
MD
LG