Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Орусия менен Кытайда “пираттарга” жол ачык


Орусия жана Кытай интеллектуалдык менчиктин укугун коргоого өтө эле салкын мамиле жасаган мамлекеттердин катарына кирди. Бул тууралуу АКШ Соода өкүлчүлүгүнүн башкармалыгы даярдаган докладда айтылат. Орусия быйылкы жылды кошкондо 16 жыл катары менен ушундай арткы тизмеде келатат. Интеллектуалдык менчик укугун бузган өлкөлөрдүн катарына Украина жана Пакистан дагы кирди. Ал эми автордук укук сакталган, жагдай кыйла жакшы делген өлкөлөрдүн тизмесинде Беларус, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан бар. Докладдын авторлору “кара тизмедеги” мамлекеттердин жетекчилерин пираттар менен күрөшүүгө көңүлүн бурдуралы деп аракеттенип жаткан чагы.

XS
SM
MD
LG