Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Майда абанын температурасы нормадан жогору болот


Май айында быйыл абанын температурасы климаттык нормадан 1...2 градус жогорураак болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлалды. Жаан-чачын көпчүлүк аймактарда норманын тегерегинде жана андан бир аз көбүрөөк болушу мүмкүн.

Синоптиктердин билдиргенине караганда, Бишкекте май айындагы эң суук күн 1989-жылы катталган. Анда 1-майда абанын температурасы -4кө чейин төмөндөп кеткен. Ал эми эң ысык күн 2001-жылы катталган. Анда 31-майда күн 36 градуска чейин ысыган.(RK)

XS
SM
MD
LG