Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

2-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
1-6-майда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

1-майдан 4-майга чейин жаан-чачынга жана абанын жогорку температурада болушуна байланыштуу Бишкек - Ош тоолуу автожолунда (121-137-чакырымдарында, 198-265-чакырымдарында) кар көчкү коркунучу сакталат. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
2-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт, айрым жерлерде катуу жаайт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,
Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Баткенде түнкүсүн 6...11 күндүз 15..20 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 16...21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8 градус, күндүз 12...17
Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 14..19,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2..+3, күндүз 10...15,
Тоолордо түнкүсүн -1...-6, ал эми күндүз -3..+2 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 17...19 градус болот.

XS
SM
MD
LG