Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Freedom House: Дүйнөдө алты адамдын бирөө гана эркин прессасы бар өлкөдө жашайт


Бул тууралуу дүйнөдө басма сөздүн абалына байкоо салып турган Freedom House эл аралык уюму бүгүн жарыялаган жылдык баяндамасында билдирди. Анда дүйнөдөгү 197 мамлекетте 2011-жылы сөз эркиндиги жаатында байкалган абалга талдоо жасалган.

“Былтыр Ливия, Тунис өңдүү “араб жазын” баштан кечирген бир топ өлкөлөрдө “алга жылуу” байкалды, ошол эле маалда, региондогу Иран, Сирия өңдүү башка өлкөлөрдө медиага басым андан бетер күчөтүлдү”, - деп айтылат отчетто.

Борбордук жана Чыгыш Европада, ошондой эле, Евразияда калктын 15% гана эркин медиасы бар мамлекеттерде жашайт. Акыркы 10 жылдан бери эркин басма сөзү бар калктын саны мынчалык төмөн түшө элек болчу. Бул топко уюм Беларусту, Түркмөнстанды жана Өзбекстанды кошуп, аларды “басма сөз эркиндигинин негизги душмандары” деп да атады.

Тизменин эң этегине сөз эркиндиги такыр эле жок өлкө деп уюм Түндүк Кореяны койду, ал эми эң эле эркин басма сөздүү мамлекеттер катары Финляндия, Норвегия жана Швеция көрсөтүлгөн. Кыргызстан болсо, былтыркыдай эле, быйыл да басма сөзү “эркин эмес” делген өлкөлөрдүн катарында турат.

XS
SM
MD
LG