Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:52

Баткен: Төрөт үйүнө жаңы жабдуу коюлду


Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жана ымыркайлар дарыланган бөлүмгө жаңы жабдуу орнотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Ошондой эле аталган оорукананын реанимация бөлүмүндөгү жабдуу да жаңыланды. Жалпысанан 9,5 миллион сом сарпталды. Бул акча мамлекет тарабынан "Манас таалими" улуттук программасынын алкагында бөлүнгөн. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG