Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Сирияда “жарашуу планы” аткарылбай жатат


Эл аралык атайын чабарман Кофи Аннандын согушту токтотуп, жарашуу жараянын баштоо планы күчүнө киргени менен ал аткарылбай жатканына БУУнун эксперттери тынчсыздануу билдиришти. Тынчтык планы ишке кирген 12-апрелден тарта аткылашууда набыт болгондордун саны 30дан ашты.

Сириядагы кырдаалды жөнгө салууга аракеттенген эксперттердин айтымында, өкмөттүк да, оппозициялык да куралдуу күчтөрдүн ийге келчүдөй түрү жок.

Лондондо иштеп жаткан сириялык укук коргоочулар кечээги кагылыштан 12 аскер кызматкери набыт болгонун, бүгүнкү аткылоо дагы 10 адамдын өмүрүн алганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG