Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Майдын аягында Сирияга БУУнун 300 байкоочусу барат


БУУнун тынчтык орнотуу департаментинин башчысы Эрве Ладсунун маалыматы боюнча, ушул күндөрү 24 тынчтык орнотуучу өкүл жана мониторинг кылуучу 150 мүчө Сирияда жүрөт. Алар 12-апрелде күчүнө кирген элдешүү планын тараптардын аткарышына көзөмөл салып жүрүшөт. Ладсунун айтымында, байкоочулар кагылышып жаткан эки тарап тең келишимди аткарбай жатышат. Кырдаалды жөнгө салууга көмөктөшүү үчүн май айынын аягында БУУ дагы 300 байкоочу жибермей болду.

XS
SM
MD
LG