Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:53

Акыйкатчы кызматкерлеринин кыскарышына нааразы


Акыйкатчы Турсунбек Акун өкмөттүн бул мекеменин кызматкерлерин кыскартуу боюнча демилгесине макул эмес. Бул тууралуу билдирүүсүн ал бүгүн таратты. Акыйкатчыда иштеген кызматкерлердин саны азыр 79 киши. Алардын арасында ар бир облуста иштегендер да бар. Буга чейин да штатты кыскартуу демилгеси Каржы министрлиги тарабынан көтөрүлүп, бирок бул маселе ачык бойдон калган. Жакында Каржы министрлигинен кайра кат келген. Анда штатты 20 пайызга, башкача айтканда, 16 кишиге кыскартуу талабы коюлган. Акыйкатчы мындай кылуу мүмкүн эмес экенин айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG