Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

"Азаттыктын" кабарчысы Лондонго аккредитация алды


"Азаттык" үналгысынын спорт баяндамачысы Кабыл Макеш Лондондо өтүүчү дүйнөлүк олимпиаданы чагылдырчу журналист катары аккредитациядан өттү. Муну тастыктаган расмий күбөлүктү ага бүгүн Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Канат Аманкулов тапшырды. Аккредитация алыш үчүн арыз бир жыл мурда берилген болчу. Чечим кабыл алууда анын буга чейин алты олимпиаданы мыкты чагылдырганы, иш тажрыйбасы эске алынды.

Ошентип, спорт күйөрмандарга олимпиадага катышкан кыргызстандык команда боюнча алгачкы маалыматты Кабыл Макеш гана берип турмай болду. Себеби ал Кыргызстандан катталган жалгыз гана журналист болду.

Кабыл Макеш мындан мурдагы Атланта, Сидней, Афина, Бээжин жайкы, Солт-Лейк-Сити жана Турин кышкы олимпиадаларын "Азаттык" аркылуу түз чагылдырган.

Ал эми спортчулар азырынча жолдомолорун колуна ала элек. Лондон олимпиадасы 27-июлдан 12-августка чейин өтөт. Учурда ага Кыргызстандан жети спортчу жолдомо алды. Алар дзюдо, жеңил атлетика, эркин жана грек-рим күрөшү, ок атуу, таэквандо жана оор атлетика боюнча күч сынашат. (RK)

XS
SM
MD
LG