Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

"Санпанын" жанындагы эл тургузган эстелик бузулду


Жалал-Абад облусундагы “Санпа” заводунун жанында июн окуясында курман болгондорго орнотулган эстелик бузулду. Ага Ош – Бишкек унаа жолу менен өтүп баратканда өлтүрүлгөн он адамдын ысымы чегилип жазылган болчу. Айкел ошо адамдардын жакындарынын каражатына тургузулган.

“Санпа шейиттери” коомунун жетекчиси Сырдыбай Мамарасуловдун айтымында, эстелик адамдар тарабынан бузулушу мүмкүн, анткени жыйырма адам көтөрүп орноткон айкел шамалга кулашы мүмкүн эмес.

Жол четиндеги бул эстеликти бузгандар жазасыз калса, алар мындан бир жарым чакырым жогору жакка өкмөттүн эсебинен июн курмандыктарына арналып курулган чоң эстеликти да бузуусу ыктымал экенин айтышууда.

Облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев эстеликтин бузулушун Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү териштирип жатканын билдирди.

"Санпанын" жанында эки эстелик бар. Бири жогоруда айтылган эл тургузганы, экинчиси өкмөт каржылап орноткону.

Пахта тазалоочу “Санпа” заводунун айланасында 2010-жылы 11-14-июнда Ош – Бишкек унаа жолу менен үйлөрүнө кайтып бараткан жүргүнчүлөрдүн ичинен жазыксыз он адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, эки адам дайынсыз жоголуп, тогуз унаа өрттөлгөн. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG