Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Өмүрүнүн аягына чейин кесилгендерге өзүнчө абак ачылат


Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажырагандар үчүн өзүнчө абак курулат. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Мындай жай Чүйдүн Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 абакта ачылат. Каржы маселеси толук чечилгени айтылууда.

Расмий маалымат боюнча, учурда өлкөдө өтө оор кылмышкер деп аталган 257 киши соттун чечими менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Укук коргоочулардын билдиргенине караганда, ал адамдар Бишкектин №1 тергөө абагынын жертөлөсүндө жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG