Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Жаңы кызматка кадр тандоо калыс өттүбү?


Каржы полициясынын ордуна Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы түзүлүшү түрдүү көз караштарды, пикирлерди жаратууда.

“Арай көз чарайда” мына ушул маселе талкууланып, ага аталган жаңы кызматка кызматкерлерди тандап алуу боюнча комиссиянын мүчөсү, жарандык коомдун өкүлү Татту Мамбеталиева, Жогорку Кеңештеги экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Улукбек Кочкоров жана жоюлган Каржы полициясынын мурунку кызматкери Сартбай Жайчыбеков катышты.

"Азаттык": Татту айым, сиз жана Динара Ошурахунова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка жаңы кызматкерлерди тандап алуу боюнча комиссиянын мүчөсү болгонсуз. Тестирлөө адилет жана ак өттү деп эсептейсизби?

Татту Мамбеталиева: Биз Каржы полициясын жоюу маселелери боюнча эки айдай комиссиянын мүчөлөрү менен көп тартыштык. Анткени өкмөттүн өкүлдөрү жойгонго болбойт деп көпкө турушту. Биз "мыйзам тууралуу өзүңөрдүн укугуңар бар болсо, анда бизди эмнеге чакырдыңар" деп айттык.

Анын кыйынчылыгы - иштеп жаткан адамдардын арасынан эле тандаганга мүмкүнчүлүгү бар экен. Ошондуктан бизнес борборунун өкүлү Пономарев үчөөбүз Бабановго кайрылып "биздин керегибиз жок турбайбы" деп айттык. Бабанов "мен реформа кылат элем, ошондуктан мыйзам боюнча жол тапкыла, жаңы кишилерди алганга мүмкүнчүлүк түзгүлө" деди. Анан жаңы кишилерди талапкер катары карашка мүмкүнчүлүк түзүп беребиз дешкенинен ошол жол менен жөнөдүк.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

1-бөлүк



2-бөлүк



“Азаттык: Улукбек мырза, бул мыйзамсыз экендиги боюнча парламентте кандай аргумент коюлуп атат?

Улукбек Кочкоров: Бизнес чөйрөсү айтып атат, бул орган кереги жок, өтө коррупцияланышып кетти, ошондуктан мен жок кылам деп атат Бабанов. Жок кылгандан кийин бул кызмат керек беле, же кереги жок беле деген эч анализ жок. Мен комитеттин атынан бул мекеменин иши боюнча маалымат алып турам. Мисалы, былтыркы жыл боюнча 819 млн. сом бюджетке салым жасадык дейт. Ушул боюнча финансы министрине кайрылгам, ал киши "эч кандай каттоо жок" деп айтты. Эгерде чын эле ошол каражатты бир жылда кириштеген болсо, анда ал сумма кайда?

“Азаттык”: Сартбай мырза, сизде ушул өзгөрүүлөр ушул кызматты эффективдүүлүгүн арттырып, бизнеске жолтоо кылбай турган кылып, мыйзам чегинде иштеп, коррупцияны азайтат деген ишеним барбы?

Сартбай Жайчыбеков: Мен буга ишенбейм. Себеби Каржы полициясын жоюуда бир канча укук бузуулар менен жүргүзүлүп атат. Бийликтин өзүндө кандайдыр бир кызыкчылык бар деп эсептейм. 819 млн. боюнча каттоо жок деп атат, казыначылыктан өтмөйүнчө отчетко кирбейт, Башкы прокуратура кабыл албайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG