Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Беш абакта мобил байланыш өчүрүлөт


Кыргызстандагы беш абакта мобилдик байланышка тоскоолдук кылуучу атайын жабдуу орнотулат. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Мындай система беш абакта, анын ичинде Бишкектеги №1 тергөө абагында иштей баштайт. Маселе чечилип калганы айтылууда. Атайын жабдуу орнотулса, ал абактагылар мобилдик телефон менен сүйлөшө албай калат. Абактагы айрым адамдар, айрыкча криминалдык топтордун өкүлдөрү телефон аркылуу сырттагылар менен байланышып, коркутуп-үркүтүү жолу менен акчасын, мүлкүн тартып алган учурлар көп болгону айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG