Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Гринпистин активисти Франциядагы АЭСке учак менен конду


Гринпис айлана-чөйрөнү коргоо уюмунун мүчөсү чакан учагын Франциядагы атомдук ишканага кондурду. Активист коноордун алдында Бюжи станциясына түтүн чыгарган бомба ыргыткан. Аны ишкананы кайтарган тартип коргоочулар кармап кетишти. Станцияны иштеткен компаниянын ырастоосунда, окуя реакторлорго зыян тийгизген жок.

Гринпис ядролук станцияларга абадан сокку урулушу мүмкүн деген маселени президенттик шайлоонун экинчи айлампасы алдында көтөрүүнү көздөгөнүн билдирди. 6-майда франциялык добуш берүүчүлөр Николя Саркози менен Франсуа Олланддын бирин тандашмакчы. Франция атомдук энергияны эң көп керектеген өлкөлөрдүн катарына кирет.

XS
SM
MD
LG