Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Австрия өкмөтү Евро-12нин Украинадагы бөлүгүн бойкоттойт


Австрия өкмөтү футбол боюнча Европа чемпионатынын Украинада өтө турган матчтарын бойкоттоорун жарыялады. Мындай чечим Украинанын экс-премьери Юлия Тимошенкого абакта ыдык көргөзүлгөн деген маалыматтардан улам кабыл алынды. Австриянын тышкы иштер министри Михаэл Шпинделеггер бир дагы расмий адам Украинадагы оюндарга барбайт деп билдирди. 8-июндан 1-июлга чейин өтчү турнирди Украина менен Польша уюштурууда.

Кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып боюнча 7 жылга кесилген Тимошенко түрмөдөгү кайтаруучулар сабашканын айтып, ачкачылык жарыялаган. Анын тарапкерлери бул иштин артында сасий жүйөө бар дешет. Буга чейин Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Еврокомиссиынны төрагасы Жозе Мануэл Баррозо Тимошенконун тагдырына тынчсыздануусун билдирип, футбол чемпионаты учурунда Украинага баруу пландарынан баш тартышы мүмкүн деп билдиришкен.

XS
SM
MD
LG