Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Ливия: Каддафинин француз президентин каржылаганы аныкталган жок


2007-жылы Франция президенттигине талапкер Николя Саркозинин шайлоо кампаниясын Ливиянын ошол кездеги президенти Муамар Каддафи каржылаган деген маалымат жалган деп билдирүү таратты Ливиянын азыркы ырасмий бийлиги. Апрелде Mediapart сайты Ливиянын атайын кызматкеринин мурдагы өкүлүнө таянып Каддафи Саркозинин шайлоо өнөктүгүнө 66 миллион доллар бергенин жазып чыккан. Ливиянын жаңы бийлиги бул маалымат иликтегенин, бирок акча которулганы тууралуу бир да маалымат табылбаганын ачыктады. Муну президенттикке 2-жолку талапкер Николя Саркози да жалган жалаа деп четке каккан. Келаткан жекшембиде Франциянын президенттик кызматына Николя Саркози менен социалист Франсуа Олланд ат салышат.

XS
SM
MD
LG