Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Чэнь Гуанчэн АКШ элчилигинен чыгып кетти


Кытайлык көзү азиз укук коргоочу Гуанчэн бийлик анын үй-бүлөөсүн кысымга алгандан кийин АКШ элчилигинен чыгып, ооруканалардын бирине барып жатты. “Менин үй-бүлөөмө коркунуч жаралганын америкалык расмийлер айтты” деп маалымат таратты диссидент. Бирок АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Виктория Нуланд америкалык расмийлер Гуанчэнге анын үй-бүлөөсүнө коркутуу тууралуу эч нерсе айтпаганын билдирди. Кытай мамлекеттик телеканалы Гуанчэн АКШ элчилигин өз эрки менен таштап кеткенин айтты. Шаршембиде Кытайга иш-сапары менен барган АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон көзү азиз диссиденттин маселеси боюнча Кытай бийлиги менен бир пикирге келишкенин билдирген болчу. Чэн Гуанчэн Кытайдын Шандун провинциясында балдардын төрөлүшүн чектөө максатында миңдеген аялдарды күч менен аборт жасатып, медициналык жол менен төрөттөн ажыраткан саясатты кескин сындаганы үчүн таанылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG